Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан 35 киши милицияга жеткирилди

Митингге чыккандардын бири укук коргоочулардын талабын аткарбаганы үчүн ага 3000 сом айып салынды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына жер участокторун мыйзамдаштырып берүү талабын коюп митингге чыккандарды милиция кармап кетти. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Бишкек ШИИБден маалымдашкандай, милиция кызматкерлери мыйзамсыз негизде митингге чыккан Чүй облусунун Новопавловка айылынын 35 тургунун Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен.

Чүйдө айдоочу "Коопсуз шаардын" камерасы турган түркүктү сүзүп кетти
Митинг учурунда укук коргоочулар элди тарап кетүүгө чакырган. Себеби соттун чечимине ылайык, "Ала-Тоо" аянты менен өкмөт үйүнүн алдында 29-апрелден 11-майга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынган. Бирок акциянын катышуучулары буга макул болгон эмес.

Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө 35 кишиге түшүндүрүү иштери аткарылып, кое берилген.

ШИИБден кошумчалашкандай, митингге чыккандардын бири укук коргоочулардын талабын аткарбаганы үчүн ага 3000 сом айып салынды (82-берене, "Укук коргоочуларга баш ийбөө").