Бишкекте Mercedes мотоциклчен адамды койдуруп кетти. Кырсыктан кийинки видео

bishkek-mercedes-benz-motocikl-video Жабырлануучу Бишкек шаардык травматология пунктуна кайрылды.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Бишкекте Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа мотоциклчен кишини койдуруп кеткенин Facebook тармагынын колдонуучусу жазып, кырсык болгон жердеги видеону жарыялады.

Жол кырсыгы 3-май күнү саат 19.10до Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан аталган фактыны тастыкташты.

"Мотоцикл менен Mercedes-Benz унаасы Абдрахманов көчөсүндө түштүктү көздөй бара жатышкан. Токтогул көчөсүн өтө бергенде мотоциклчи бурулуп, жеңил унаа аны сүзүп кеткен”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жабырлануучу ооруканага жатуудан баш тартып, Бишкек шаардык травматология пунктуна кайрылды.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып короого киргизилди.