Азиз Батукаевдин иши боюнча кармалган дарыгерлер эки айга камалды

Онколог менен медициналык лабораториянын кызматкери 3-майда колго түшүрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевге рак диагнозун койгон делген дарыгерлер №1 убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын кабарлашынча, тийиштүү өкүмдү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алган.

Текебаевдин иши кайра каралышы ыктымал. Жогорку соттун түшүндүрмөсү
Онколог менен медициналык лабораториянын кызматкери 3-майда колго түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, Азиз Батукаевди 2006-жылдын 3-августунда Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Кылмышкер катуу тартиптеги колонияда жаза өтөп, мындан тышкары, мүлкү конфискацияланган. 2013-жылдын 9-апрелинде Батукаев оор илдетине байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бошоп, Кыргызстандан чыгып кеткен. ИИМдин маалыматы боюнча, ушу тапта "курал-жарак сактаган" деп айыпталып Чечен Республикасынын абагында отурат.

Криминалдык авторитет боюнча иш кайра жанданганын 17-апрель күнү башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттарга отчёт берип жатып айткан. Ошол учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын жетектеп турган азыркы депутат Зарылбек Рысалиев да суракка чакырылары маалым болгон.