Тогуз-Тородо жабылган ашуу менен бараткан 7 унаа жолдо калды

Унаа жолу акимдин буйругу менен 2018-жылдын сентябрында жабылган.
Sputnik

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. Тогуз-Тородогу Сары-Кыр ашуусундагы жолдо эки оор жүк ташуучу унаа менен беш жеңил машина тыгылып калганын ӨКМ билдирди.

Айдоочулардын эсине! Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү жабылды
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолу акимдин былтыркы жылдын сентябрь айындагы буйругу менен жабылган. Окуя 2-май күнү кечинде болгон.

Жерине акимдин орун басары, ӨКМдин 10 куткаруучусу, бир фельдшер, эки милиция кызматкери барып, жети унаадан 14 жүргүнчүнү алып чыгып, таңкы 4.30да Казарман айылына алып келишкен. Адамдардын арасында балалуу аял бар экени айтылды.

Ушу тапта жолду тазалоо иштери жүрүп жатат.