Кыргызстанда уран калдыктары сакталган канча жай бар экени айтылды

Учурда Жогорку Кеңеш Кыргызстан калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматын угуп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Учурда Кыргызстан боюнча урандын уулуу калдыктары сакталган 33 жай бар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

ЖК депутаты уран маселеси боюнча Илимдер академиясы үн катпаганын сынга алды
Депутат Иса Өмүркулов бүгүнкү күнү өлкө боюнча ӨКМдин карамагына алынгандан тышкары уулуу калдыктар сактала турчу канча жай бар экенин сурады.

Боронов ӨКМдин карамагына уулуу калдыктар сакталган 60 жай бар экенин, андан сырткары, бүгүнкү күнү активдүү болгон кошумча 32 жай иштеп жатканын кошумчалады. Анын ичинен уран калдыктары 33 жайда сакталарын белгиледи.

Депутат уулуу калдыктар сакталган ушунча жай кичинекей Кыргызстанга жетишпейби деп суроо салды.

Эске салсак, учурда Жогорку Кеңеш Кыргызстан калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматын угуп жатат.