Матраимовдордун турнирине эмнеге бардыңыз? Бороновдун жообу видеодо

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бир тууган Матраимовдордун иш-чарасына барганы боюнча толук түшүндүрмө берүүдөн баш тартып, Жогорку Кеңештин жыйындар залына кирип кетти.
Sputnik

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн уран жана радиациялык коопсуздук маселеси боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат. Боронов эл өкүлдөрүнүн алдына кирип бара жатканда журналисттер андан Кара-Сууга кандай максатта барганы боюнча суроо салган.

"Биринчиден, мен Райым Матраимовго барган жокмун, мен Искендер Матраимовго бардым. Экинчиден, ал дем алыш күнү болчу. Жеке сапар", — деди да, башка суроолорду четке кагып кирип кетти.

Тойдун эртесиби?.. ЖКнын бүгүнкү жыйынында 30га жетпеген депутат отурат. Видео
Бир тууган Матраимовдор 1-май күнү Кара-Суу районунда Жеңиш күнүнө жана атасы Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арнап волейбол жана мини футбол боюнча турнир өткөргөн. Ага биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү жана төрага Дастан Жумабеков баш болгон депутаттардын жоон тобу катышкан. Айрым депутаттардын Райым Матраимов менен катарлаш отурган сүрөтү да тараган. Райондук бир иш-чарага бийлик төбөлдөрүнүн жоон тобунун барышы коомчулукту дүрбөлөңгө салып, түрдүү нааразычылыктарды жаратты.

Белгилей кетсек, Райым Матраимов учурда өкмөт менен соттошуп жатат. Аны 2017-жылы ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан кетирген. Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов негизсиз иштен алынганын айтып, өкмөттү сотко берип, мурунку кызматына турууну суранган. Аны райондук жана шаардык сот канааттандырган. Ал эми өкмөт Жогорку сотко кайрыларын же анын кызматка келишине макулдугун берүү боюнча пикирин айта элек.

Мындан сырткары, ушул жылдын январынан тарта Финпол Матраимовдун мүлкүн текшере баштаган. Азырынча анын жыйынтыгы жарыялана элек.