Баласын ээрчиткен илбирс жана улар. Фотокапканга түшкөн уникалдуу сүрөттөр

Кадрга мадыл, тоо эчкилери жана түлкү да илинген.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Германиянын Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Зарина Эсенбаева фотокапканга Кызыл китепке кирген жаныбарлар, анын ичинде улар менен илбирс да түшүп калганын айтты.

Эсенбаева NABU-Кыргызстан мониторинг бөлүмүнүн жана "Хан-Теңири" мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери фотокапканга түшкөн жаңы маалыматтарды алышканын белгиледи.

"Фотокапкан деңиз деңгээлинен 3600 метрден 4200 метрге чейинки бийиктикте орнотулган. Ал парктын аймагында 2018-жылдын ноябрь айынан бери алты ай бою турган. Бул аралыкта кадрга Кызыл китепке кирген илбирс балдары менен, кыргыздар ыйык деп эсептеген улар, мадыл, тоо эчкилери, түлкү жана башка жапайы жандыктар түшкөн", — деди Эсенбаева.

Анын айтымында, учурда илбирстердин санын идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Мониторингдеги бардык маалыматтар жапайы жандыктардын атайын күндөлүгүнө каттоого алынмакчы.

Ысык-Көлдүн тоолорунда видеого түшүп калган улардын видеосун да көрсөңүз болот.