ЖК депутаты уран маселеси боюнча Илимдер академиясы үн катпаганын сынга алды

Депутаттын айтымында, мурда Илимдер академиясында 2000 киши эмгектенсе, кыскартуулардан кийин 1500 киши иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев уран маселеси боюнча КР Улуттук илимдер академиясы үн катпай жатканын жана өкмөт да аларды ишке тартпай койгонун сынга алды.

"Улуттук илимдер академиясы коомдо болуп жаткан окуялар тууралуу өзүнүн пикирин айттыбы? Азыр мына уран маселеси курч болуп турат. Өкмөт Илимдер академиясынан жыйынтык алдыбы, уранды ачканда коомго канчалык зыян келет, ушул боюнча пикир барбы?" — деди эл өкүлү.

Депутаттын айтымында, мурда Илимдер академиясында 2000 киши иштесе, кыскартуулардан кийин 1500 киши эмгектенүүдө.

"Учурда 1500 киши иштейт. Алардын ичинде 700 илимпоз, 35 академик, 40ка жакын мүчө-корреспондент, 186 илимдин доктору бар. Андан сырткары, 18 институт, 142 лаборатория иштеп жатат. Жылдык бюджети 322 миллион сом. Бирок, тилекке каршы, ал акчанын көбү ошол жерди башкарып жаткан чиновниктерге кетип калат", — деди Казакбаев.

Эл өкүлү бул маселе боюнча жакын арада өкмөттүн жыйынын жасап, Улуттук илимдер академиясынын бардык маселелерин карап чыгуу керектигин билдирди.

Уран кенин казууга каршы митингдин асмандан көрүнүшү. Видео
Казакбаев Илимдер академиясы семинар, конференция өткөрүп, китеп чыгаруу менен гана алектенип калганын кошумчалап, өлкөнүн экономикасына таасир бере турчу иштерден оолак экенин белгиледи.

Ошондой эле экономикага, айыл чарбага жаңы технологияларды, инновацияларды алып келүү, аларды иш жүзүнө ашыруу боюнча өкмөт тарабынан Улуттук илимдер академиясына мамлекеттик тапшырык берилген-берилбегенин да тактоо керектигин сунуштады.