Бишкекте жүк ташуучу унаа кырсыктап, оодарылып калды. Сүрөт

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу кагышууну алдын алам деп трассадан чыгып кетип, оодарылып калган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бишкекте жеңил машина менен жүк ташуучу унаа кагышып, натыйжада бус оодарылып калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, окуянын сүрөтүн WhatsApp каналы аркылуу жиберди.

Анын айтымына караганда, жол кырсыгы бүгүн, 2-майда, саат 15:40тар чамасында Токомбаев менен Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы факты болгонун тастыктады. 

Бишкекте жүк ташуучу унаа кырсыктап, оодарылып калды. Сүрөт

"Mercedes-Benz 310 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Токомбаев менен батышты көздөй багыт алган, бул маалда Honda Fit автосу жолдун четине чыгууга аракет жасап жаткан. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу кагышуунун алдын алам деп трассадан чыгып кетип, оодарылып калган", — дешти милициядан.

Бишкекте жүк ташуучу унаа кырсыктап, оодарылып калды. Сүрөт

Жол кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес. Унаалар айып короого токтотулду. Факты бирдиктүү реестрге каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.