Атай Өмүрзаков эл аралык сынакта дагы бир жолу элдин оозун ачырды. Видео

Атай Өмүрзаковдун "Тотем шоу" деп аталган жаңы бий тобу менен Кытайда өткөн World's Got Talent шоусуна катышып, калыстардын купулуна толду.
Sputnik

Өткөн дем алыштагы чейрек финалда бийчилер "шамдагай абышкалар" жөнүндө номер аткарды. Сценарий боюнча улгайган адамдар окумуштуулар ойлоп тапкан эликсирди ичип алып, жашарып кетет.

Өмүрзаков өзүнүн Facebook баракчасына жазганына караганда, топ сынактын жарым финалына өттү.

"Тотем шоу" тобу "Үмүт-Надежда" балдар борборунан чыккан "Тумар" тобу менен биргеликте түзүлдү. Жетекчиси - Атай Өмүрзаков.