Депутат: кыргыздар жапайы эл эмес экенин көрсөтөлү

Эл өкүлү өкмөттөн маданият күндөрүн өткөрүү үчүн тийиштүү министрликке каражат бөлүүнү өтүндү.
Sputnik

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов Сибирь, Алтай жана Тывада Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп, кыргыздардын жапайы калк эместигин көрсөтүү керектигин парламенттин жыйынында айтты.

Депутат өз сөзүндө, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде чет жакка барып маданият күндөрүн өткөрүүгө каражаты жок экенин белгилеп, алардын акча маселесин чечип бергиле деп өкмөткө кайрылды.

"Ошол мигранттарга көп көңүл бурсак, мен Маданият министрлигине кайрылсам, маданият күндөрүн өткөрүүгө эч кандай каражаты жок экен. Быйыл Якутияда, былтыр Бурятияда эмне болду? Алтайга, Тывага, Сибирге барып маданият күндөрүн өткөрүп койсо жакшы болот эле. "Биз, кыргыздар, жапайы эмеспиз, биз да силерге окшогон эле адамбыз" десек. Ошондой эле туристтик жарманкелерди өткөрөлү, аларды бул жакка чакыралы, Ысык-Көлгө келип эс алып кетишсин, бизге да жакшы болот, алар биздин маданиятбыз менен таанышып кетет", — деди ал.

Депутат андан сырткары, Кыргызстандын эмгек мигранттары которгон каражат өлкөнүн ички дүң продукциясынын үчтөн бирин түзөрүн кошумчалап, Россия тараптан киргизилген акча которуудагы чектөөлөргө да өкмөт көңүл бурушу керектигин кошумчалады.