Facebook дизайнын кыйла өзгөртөт

Социалдык түйүн эми сторис, топ жана окуяларга басым жасамакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Марк Цукерберг Facebook социалдык түйүнүнүн жаңы дизайнын эл аралык F8 конференциясында көрсөттү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Жаңы дизайндын авторлору басымды жаңылык лентасына эмес, топторго, окуяларга жана сториске (бир суткага чейин сактала турчу пост) басым жасоону чечишкен.

​Жаңы дизайнда көк элементтер аз кездешип, ак түскө басым жасалган.

Ал эми смартфондорго видео жана сүрөт көрүүгө ыңгайлуу болушу үчүн каралжын версия (Dark Mode) иштелип чыккан.