БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Японияда жаңы император Нарухитонун такка отуруу аземи аяктаганын NHK телеканалы кабарлады.
Кэндзи-к-шокей-но-ги — "жаңы императордун ыйык кылыч менен баалуу ташты мураска алуу" салтанаты шаршемби күнү 10:30да Мацу-но-Ма деп аталган императордук сарайда болду.
Император Нарухито императордук укуктар менен артыкчылыкка такка отургандан тарта ээ болду.
Аземде сүйлөгөн сөзүндө жаңы император атасы Акихитонун 30 жылдан ашык эмгегин белгилеп, бул баалуу салтты татыктуу улантып кетээрине убада берди.
"Ошону менен эле Конституциянын негизинде иш алып барып, Япония элинин биримдиги жана мамлекеттин символу катары өзүмдүн милдеттеримди аткарууга убада берем. Ой-тилектеримди элге жана аны колдоого арнайм. Улуттун андан ары өнүгүшү жана адамдардын, дүйнөдөгү адамзаттын бактысы үчүн дуба кылам", — деген император Нарухито.
Атасы мурдагы император Акихито көзү тирүү кезинде эле бийликтен баш тартып, бул чечимин 2016-жылы эле билдирген. 2017-жылы Япония парламенти анын бийлигин уулуна өткөрүп берүү укугун мыйзамдаштырган.
Акихитонун үч баласы бар. Алар - уулдары Нарухито жана Фумихито, кызы Саяко Курода.