Бахтияр Тойчубаев JFC чемпиону болду. Беттештин видеосу

Кыргызстандыктын атаандашы Россиядан чыккан спортчу болду.
Sputnik

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. MMA боюнча кыргызстандык мушкер, аралаш мушташтын WMMAF (2015-жыл) версиясы боюнча дүйнө чемпиону Бахтияр Тойчубаев JFC боюнча чемпиондук курга ээ болду. Турнирди JFC жана Alash Pride уюштурган. Беттеш Алматыда өттү. 

"Ак аюу" атаандашын 34 секундада нокаутка кетирди. Алматыдагы видео
Титулдук кармашта кыргызстандыктын атаандашы россиялык Сергей Клюев болду. Үчүнчү раунддун аягына чыга жаздап калганда Тойчубаев атаандашын муштуму менен жыгып, жеңишке жетти.

Кыргызстандык спортчунун өзүнүн күйөрмандары бар. Ал туурасында жакшы билбегендерге маалымдай кетүүчү учур - Тойчубаев Москва шаарындагы тиричилик буюмдарынын кампасында жүк түшүргүч болуп иштеп, бүлөсүн багат.

Күндүз кампада иштеп, түндө залда тер төгүп иштеген Бахтияр Тойчубаев жөнүндө бул жерден көрсөңүз болот