Бус чачырап кетиптир! Шамалды-Сайда бензовоз менен микроавтобус кагышты

Бустун үч жүргүнчүсү менен эки айдоочу ооруканага жаткырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусундагы Шамалды-Сай айылында Mercedes-Benz 711 үлгүсүндөгү микроавтобус май ташуучу унаа менен кагышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык 30-апрель күнү болжол менен саат 07.30дарда болгон. Бус Бишкекти көздөй келе жатып, каршы тилкеде келе жаткан май ташуучу машина менен сүзүшкөн.

Натыйжада бустун бир жүргүнчүсү каза таап, ичиндеги үч киши менен эки айдоочу ооруканага жаткырылды.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.