Табында экен! "Ак аюу" Мамасалиев таразага түшүп, атаандашын тик карады. Видео

Спортчу бүгүн Алматы шаарында беттешет.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. "Ак аюу" каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Мыктыбек Мамасалиев таразага түшүп, атаандашын тике караган видеосун ММА беттешинин уюштуруучусу "Жаш-күч" клубу Instagram баракчасына жүктөдү.

Эске сала кетсек, бүгүн, 30-апрель күнү, Алматыда JFC жана Alash Pride уюмдарынын биргелешкен турнири өтөт. Мелдештин алкагында Мамасалиев 93 килограмм салмактан өйдө категорияда литвалык мушкер Раймонд Докус менен кез келет.

Мамасалиев буга чейин аталган мелдешке мурда утулуп калган украиналык каршылашы Юрий Проценкону чакырганын, бирок ал 8 миң доллар сурагандыктан уюштуруучулар баш тартууга аргасыз болгонун айтып берген.

Кыргызстандык мушкер Бактыбек Дүйшөбай уулу Токиодогу турнирге катышат
Мыктыбек Мамасалиев 30 жашта. Бокс боюнча спорт чебери, ММА боюнча 11 беттешти утуп, 4 ирет жеңилген.

Ал быйыл спортко активдүү киришип жаткан чагы. Нокауттары менен таанымал мушкер 2017-жылы украиналык Юрий Проценкого JFC турниринин алкагында жеңилип, чемпиондук курду тагынбай калган.

Мамасалиев жарым жылдан кийин кайрадан октагонго кайткан. JFC Young Force турниринин алкагында дагы бир украиналык мушкер Владимир Мищенко менен мелдешип, аны биринчи раундда эле техникалык нокаут менен утуп алган.