БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Тогуз-Торо районунун жашоочулары "Макмалалтын" кенинин иштешин колдоду деген маалыматты "Кыргызалтын" мекемесинен билдиришти.
Компаниянын маалыматына караганда, 22-26-апрель аралыгында аталган райондун 13 айылында жергиликтүү администрация жана "Мансон Групп" өкүлдөрү эл менен жолукту.
Буга чейин аталган ишкана — "Мансон Групп" Тогуз-Тородогу "Макмалалтындын" базасында биргелешкен ишкана түзүү боюнча жарыяланган сынакта жеңүүчү болгон.
"Калкка кендин ишин мындан ары узартуу боюнча маалыматтар берилди. Андан сырткары, эл жана инвестор ортосундагы мамиленин ачыктык жана тунуктугу боюнча маселе талкууланды. Коомдук угууда басым экологияга, жергиликтүү элди ишке алуу жана социалдык пакет маселесине көбүрөөк жасалды", — деп айтылат маалыматта.
"Эл менен инвестордун диалогу "Макмалдын" ишмердүүлүгүн улантуунун механизмдерин иштеп чыгууга жардам берет. Макулдашууну ишке ашыруу комбинатка 800 кишини жана тармактык мекемеде 315 кишини жумушка орноштурууну шарттайт. Булардын арасында жергиликтүү тургундар да болот. Мындан сырткары, "Мансон Групп" менен Тогуз-Торо районунун администрациясы социалдык пакет боюнча келишимге кол коет", — деп айтып берди Алибеков.
Тогуз-Торонун акими Айбек Кожошев жергиликтүү эл алтын кен комбинаты менен рудниктеги өзгөрүүлөрдү чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты. Коомдук угуунун соңунда жергиликтүү эл "Макмал" кенинин жаңыланып иштетилишин колдоого алган.