Радио

Койчубаков: октябрдан тарта коомдук транспорт электрондук системага өтөт

"Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурлан Койчубаков коомдук автотранспортту электрондук төлөм жүргүзүү системасына киргизүү үчүн каттоо башталгандыгын айтты.
Sputnik
Койчубаков: октябрдан тарта коомдук транспорт электрондук системага өтөт

Бишкек шаарында коомдук транспорттор октябрь айынан тарта электрондук төлөм жүргүзүү ыкмасына өткөрүлөт. Бул үчүн май, июнь айларында электрондук билеттерди жасоо иштери жүрөт. Бул тууралуу Нурлан Койчубаков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, автобус жана троллейбустарды электрондук төлөм жүргүзүү системасына өткөрүү долбоору инвестор тарабынан каржыланып, жергиликүү бюджеттен акча бөлүнбөйт.

"2019-жылдын 11-январында тендер жарыялаганбыз. Анын жыйынтыгы 5-мартта чыгып, швейцариялык компания жеңүүчү болуп табылды. Бул инвестициялык долбоор. Ошол себептен уткан компания электрондук төлөм жүргүзүү системасын толугу менен ишке ашырат. Жергиликтүү бюджеттен бир да тыйын коробойт. Эми май айынан баштап бул долбоорду тесттик режимде автобус жана троллейбустарга киргизели деп жатабыз. Долбоор ишке киргенден тарта электрондук төлөм жүргүзүүчү карточкалары жеңилдетилген акы төлөгөн жарандарыбызга акысыз берилет. Бул биздин биринчи талап болчу. Экинчи талабыбыз — төлөм жүргүзүүчү электрондук карточканы толуктоо жеткиликтүү жана оңой болуш керек. Ошондой эле төлөмдү банктын карточкалары жана мобилдик телефон аркылуу да жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт", — деди Койчубаков.

Ошондой эле ал учурда Бишкек шаарына жаңы 60 автобус келгендигин кошумчалады.