Сот Elite House компаниясын 9 кабаттуу эки имаратын түрттүрүүгө милдеттендирди

Мамэкотехинспекция компания эмнеден жазганын түшүндүрүп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкектин райондор аралык соту Elite House курулуш компаниясын Аалы Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан эки тогуз кабаттуу үйүн түрттүрүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкекте жол оңдоо үчүн үйлөр менен мейманканалар түрттүрүлөт
Мамэкотехинспекциянын Бишкек боюнча аймактар аралык башкармалыгы субъектиге "Кыргыз Республикасынын шаардагы курулуш жана архитектура" жөнүндөгү мыйзамдын негизинде нормалардын, эрежелердин жана талаптардын канчалык аткарылып жатканы боюнча пландан тышкаркы текшерүү иштерин жүргүзгөн.

Башкармалыктын инспектору Н.Шурубеков текшерүүнүн жыйынтыгында 2018-жылдын 19-февралында акт түзгөн. Ага ылайык, ошол учурда имараттын фундаменти куюлуп, дубалы тургузула баштаган.

Бул актынын негизинде инспектор 2018-жылдын 20-февралына чейин объектинин курулушуна уруксат берген документтерди көрсөтүүнү эскерткен кагаз жиберген.

"Бирок Elite House курулуш компаниясы берилген эскертүүнү убагында аткарган эмес. Мындан улам компаниянын директору Тимур Физиев 2018-жылдын 21-февралында 100 миң сом административдик айыпка жыгылган. Акыры компания 9 кабаттуу эки үйдү уруксат кагазы жок куруп салды" — дешти ведомстводон.

2019-жылдын 12-мартында сот аталган компанияны 9 кабаттуу эки имаратын түрттүрүүгө милдеттендирген чечим чыгарды.