ЖК депутаты Бишкекке өзгөчө белек жасады. Сүрөт

Кечээ күнү шаардыктар Бишкектин 141 жылдыгын белгилешти.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов Бишкек шаарына жыгачтан жасалган 1 сомдук монета белек кылды.

Инсталляциянын сүрөтүн парламентарий өзүнүн Facebook баракчасына жүктөдү. Монета Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүндөгү куранттын алдына коюлду.

Турускуловдун айтымында, калаанын жаштары селфи жасоо үчүн өзгөчө жерлерди издешет. Ал эми бул инсталляция сүрөткө түшүү үчүн жакшы жер болуп бермекчи. Конструкцияга "Бир сом жүз тыйындан куралат" деп жазылган.

Белгилей кетсек, кечээ, 29-апрелде, шаар тургундары Бишкектин 141 жылдыгын белгилешти.