БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Борбор калаанын Алтын-Казык жаңы конушунда 9 жаштагы баланы сабады деп таякеси кармалганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Милицияга эркек киши баланы сабап жатканы тууралуу чакыруу 27-апрелде эртең менен саат 8.00дө түшкөн.
"Алтын-Казык конушуна Биринчи Май райондук милициянын ыкчам тобу барган. Анда 9 жаштагы баланы Б.С. аттуу 33 жаштагы таякеси сабаганы аныкталды. Ал тестиерди колунан жип менен байлап, BMW үлгүсүндөгү унаасы менен бир нече метрге чейин сүйрөткөн", — деп айтылат маалыматта.
Ошол замат бала Бишкектеги №3 балдар ооруканасына жеткирилген. Тийиштүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
"Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, сабалган баланын апасы Россияга иштегени кеткен. Атасы жок. Баласы туугандарынын колунда калган", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми баланын учурдагы абалын билүү максатында Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы менен байланышты. Бирок "туугандары маалымат берүүгө каршы болууда" деп комментарий беришкен жок.