Бишкекте 6 өлкөнүн коргоо министрлери чогулуп, коопсуздукту талкуулап жатышат

Жыйынга Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын коргоо министрлери жана ЖККУ өкүлдөрү катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бүгүн, 30-апрелде, Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны башталды. Иш-чараны КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев ачып берди.

Быйыл ЖККУга Кыргызстан төрагалык кылууда. Жыйынга Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстандын коргоо министрлери жана ЖККУ өкүлдөрү катышып жатат.

"Бизге Борбордук Азиядагы аскердик-саясий кырдаал тууралуу пикир алышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бүгүнкү жыйын ар кандай коркунуч жана чакырыктарга каршы туруу үчүн күчтөнүүгө дагы бир кадам болуп саналат", — деди Дүйшөнбиев.

Шойгу: Россия КРде Афганистандын согушкерлерин токтотууга база даярдап жатат
Генералдык штабдын маалымат кызматынан билдиришкендей, бүгүнкү иш-чарада Борбор Азиядагы коопсуздук жана тажик-афган чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу маселелери талкууланмакчы.

Мындан тышкары, тышкы саясат, коргонуу жана коопсуздук боюнча иш мерчемдер сүйлөшүлүп, 11 документке кол коюлат.