Оңолот деген ушул! Бишкектиктер майрам учурунда жерге таштанды ыргыткан жок

Шаар боюнча 6 тонна таштанды топтолгон.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын 141 жылдыгын белгилөөдөн кийин "Ала-Тоо" аянтында эл дээрлик таштанды калтырган жок. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, дээрлик бардык шаардыктар менен коноктор таштандыны жерге таштабай атайын урналарга салышкан.

"Таштанды тазалоо үчүн "Тазалыктын" 60 кызматкери менен 7 атайын техника иштеди. Аянттын бардык жагына таштанды челектер орнотулган. Мындан сырткары, кошумча 40 желим контейнер менен 8 евроконтейнер коюлган", — деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, калаанын бардык жагында "Тазалык" кызматкерлери иштеп, жалпы алты тонна таштанды топтолгон.

Белгилей кетсек, былтыр 21-мартта өткөн Нооруз майрамынан кийин борбордук аянттан 11 тонна таштанды чыккан.