Кыргызстандагы банктар былтыр кандай киреше алганы айтылды

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 30 банк бар, алардын үчөө жоюлуу алдында турат, экөөнүн лицензиясы чакыртып алынган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстандагы банктардын жалпы кирешеси 3 миллиард 285,9 миллион сом болгон. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.

Статкомдун маалыматына караганда, 25 банктын ичинен алтоо былтыр жылды чыгаша менен жаап, 529,1 миллион сомго зыянга учураган.

Калган 19у тескерисинче болуп, 3 миллиард 815,1 миллион сом менен чыгып, киреше тапкан. Ошентип, банк секторундагы пайда чыгашалуу финансылык мекемелерди эсепке алганда 3,3 миллион сомду түзгөн.

Кыргызстанда учурда 30 банк бар, аларды үчөө жоюлуу алдында турат, экөөнүн лицензиясы чакыртып алынган.