Адамдардан чочубаптыр! Ала-Арчада жайылып жүргөн кийиктердин видеосу

Ала-Арча капчыгайынын төрүнөн көргөн 30га жакын кийиктин адамдан чочулабай бейкапар оттоп жүргөнүнө таң калгандыгын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкектин тургуну Бакай Акылбеков айтып берди.
Sputnik

Видеодон тоо эчкилерди, тоо текелердин бири-бири менен сүзүшүп, жайыла оттоп жүргөнүн көрүүгө болот.

"28-апрелде, жекшемби күнү, Ала-Арча капчыгайынын төрүнө граждандык активисттер менен жаратылышка, эс алууга чыкканбыз. Автоунаа жүрө ала турган жерге чейин жетип, андан ары тоо таяна жөө чыктык. Анча-мынча кар жаткан. Көтөрүлө бергенде жайылып жүргөн 30га чукул кийик, кулжаларды көрдүк. Алардын адамдар жашаган жерге жакын, ээн-эркин жүргөнүнө абдан кубандык", — деди Акылбеков.

Ал жапайы жаныбарларды чочутпаш үчүн жакын барбастан, бир топко чейин кызыгып карап турушкандыктарын айтып берди.