Интернетке 5 жылдан бери биринчи жолу ИМ лидеринин видеосу чыкты

Интернетте "Ислам мамлекети" террордук уюмунун лидери Абу Бакр аль-Багдадинин видеосу пайда болду.
Sputnik

ВВС ресурсу билдиргенине караганда, видеодон аль-Багдадинин дени сак жана акылы ордунда экени көрүнүп турат. Анткен менен сакалын ак басып кеткен. Видеодо ал Багхуз үчүн салгылаш жана "Ислам мамлекетинин" жеңилиши жөнүндө айтат.

Аль-Багдадини акыркы жолу 2014-жылы Мосул шаарында "Сирия менен Иракта "халифат" орноду" деп жар салганда көрүшкөн. Андан бери лидердин бир нече жолу жарадар болгону, атургай өлтүрүлгөнү дагы айтылган.

Бирок ролик качан тартылганы белгисиз.