Радио

Сагынбаев: зоомузейдеги кызматкерлердин айлыгы 4 миң сомдон ашпайт

Улуттук илимдер академиясына караштуу Сапаш Касиев атындагы зоомузейдин жетекчиси Сейитгазы Сагынбаев музейде жетекчини кошкондо эки гана илимий кызматкер бар экенин айтты.
Sputnik
Сагынбаев: зоомузейдеги кызматкерлердин айлыгы 4 миң сомдон ашпайт

Азыркы тапта зоомузейде болгону төрт кызматкер эмгектенет. Алардын айлыгы төрт миң сомдон ашпайт. Бул тууралуу Сейитгазы Сагынбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын 1-январынан тарта музей кызматкерлеринин маянасы 50 пайызга көтөрүлүшү керек болчу.

"Музейде жалпы төрт кызматкер иштейбиз. Меден сырткары катарыбызда бир билет сатуучу, бир таксидермист жана бир кенже илимий кызматкер бар. Музейди толук кандуу карап, тейлегенге төртөөбүздүн алыбыз жетпейт. Анткени ал жакты жаңы экспонаттар менен толуктап туруш керек. Тилекке каршы, ага мүмкүнчүлүгүбүз жок. Каражат маселесине байланыштуу музейдин кызматкерлеринин саны кыскартылган. Ошондой эле музейдин эмгек жамаатынын айлык акысы да өтө төмөн. Маянабыз 4000 сом. Быйыл 1-январдан тарта 50 пайызга көтөрүлөрү айтылган, бирок өзгөрүүсүз калды", — деди Сагынбаев.

Ошондой эле ал зоомузейге кирүү акысы чоңдор үчүн 30 сом, окуучу, студенттерге 20 жана беш жашка чейинки балдар үчүн 10 сомдон экендигин кошумчалады.