"Ялла" тобу менен ырчы Согдиана Бишкекке келди. Аэропорттогу сүрөт

Ырчылар борбордук "Ала-Тоо" аянтында 19:00дө баштала турчу концертте ырдайт. Майрамдык концерт фейерверк менен аяктайт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын күнүнө арналган майрамдык концертке катышуу үчүн "Ялла" тобу менен ырчы Согдиана борбор калаага келди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Чет элдик өнөр адамдарын аэропорттон тосуп алышты.

​Ырчылар борбордук "Ала-Тоо" аянтында 19:00дө баштала турчу концертте ырдайт. Майрамдык концерт фейерверк менен аяктайт.

Андан сырткары, борбордук "Ала-Тоо" аянтынан саат 21:00дөн 24:00гө чейин элди автобустар менен троллейбустар бекер ташыйт.