Түркмөнстанда күлүктөрдүн сулуулук сынагы өттү. Жеңүүчү унаалуу болду

Алгач жылкыларды көрүүчүлөр менен калыстардын алдына жайдак, андан кийин кооздолгон ээр-токуму менен алып чыгышты.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Түркмөнстанда ахалтекин аттарынын арасында сулуулук сынагы өтүп, "Парасат" (Даанышман) аттуу айгыр мыкты деп аталган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бээ айгырды тумшукка тээп өлтүрдү. Видео
Аттардан эл аралык сулуулук сынагы Ашхабад шаарындагы Ахалтекин жылкы комплексинде Түркмөнстандагы Жылкы күнүнө карата 28-апрель күнү өттү.

Алгач жылкыларды көрүүчүлөр менен калыстардын алдына жайдак, андан кийин кооздолгон ээр-токуму менен алып чыгышты.

Калыстар тобу финалга чыккан 10 жылкынын арасынан "Парасатты" мыкты деп тандап, машыктыруучусуна BMW – 740 li үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты.

Иш-чарага көрүүчү катары аталган сынакты демилгелеген Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышты.

Жылкынын ахалтекин породасы дүйнөдөгү эң байыркы жана көрктүүсү болуп эсептелет. Окумуштуулар аны азыркы Түркмөнстандын аймагында 5 миң жыл мурда пайда болгон деп айтышат.