БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен 2019-жылдын июнь айында келет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзиньпиндин 28-апрелде Пекиндеги жолугушуусунда белгилүү болгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
"Өткөн жылы Сиздин Кытайга болгон биринчи мамлекеттик визитиңиз ийгиликтүү болду. Биз кызматташтыгыбызды стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгарууну жарыялаганбыз. Биргелешкен аракет менен эки тараптуу кызматташтык туруктуу өнүгүп жатат, мен буга абдан кубанычтамын. Мен сиздин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетүүгө чакырууңузду кабыл алдым", — деди Си Цзиньпин.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков 25-28-апрелде Кытайга жумушчу сапары менен барып, "Бир алкак — бир жол" форумуна жана "Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019" көргөзмөсүнүн ачылышына катышты.
Андан сырткары, Жээнбеков КЭР мамлекеттик кызматкерлер, ишканалардын жетекчилери жана илимий чөйрө менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.