Казакстанда президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады

Өлкөдө президенттик шайлоо 9-июнда өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Казакстанда 28-апрелде саат 18:00дө президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясына бардыгы болуп тогуз талапкер арыз берген. Ага ылайык, өз талапкерлерин төрт партия менен беш коомдук бирикме сунуштады. Алар:

  • Касым-Жомарт Токаев (Nur Otan партиясы, Казакстандын азыркы президенти);
  • Дания Еспаева — "Ак жол" партиясынан;
  • Жамбыл Ахметбеков — Элдик коммунистик партиясынан;
  • Толеутай Рахимбеков — "Ауыл" партиясынан;
  • Садыбек Тугел — "Ұлы дала қырандары" (Улуу талаанын бүркүттөрү)коомдук бирикмесинен;
  • Амангельды Таспихов —Казакстандын профсоюздар федерациясынан;
  • Амиржан Косанов — "Ұлт тағдыры" (Улут тагдыры) улуттук патриоттук кыймылынан;
  • Жуматай Алиев — "Халық демографиясы" (Калк демографиясы) коомдук бирикмесинен.

БШК талапкерлерди 11-майга чейин каттайт. Ал эми президенттик шайлоо 9-июнда өтмөкчү. Үгүт иштери 11-майдан 7-июнга чейин болот.