Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишине эс алуучу аянтча курулууда. Эскиз

Мэриядан мындай көрктөндүрүү иштери улантыларын кошумчалашты.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишин көрктөндүрүү жана коомдук жайга айландыруу максатында шаардык кызматтар иш алып барууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, жөө адамдар өтүп жүргөн жерге бак отургузулат. 

Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишине эс алуучу аянтча курулууда. Эскиз

"Бишкекбашкыархитектура" көрктөндүрүү долбоорун иштеп чыкты. Ага ылайык, адамды эриктирген, айланасында эч нерсеси жок тротуарга бак отургузулуп, жарык коюлуп, отургучтар орнотулат. Ошондой эле гүлдөр дагы отургузулат", — деп айтылат маалыматта.

Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишине эс алуучу аянтча курулууда. Эскиз

Мэриядан мындай көрктөндүрүү иштери улантыларын кошумчалашты.