Бишкекте көк бөрү мелдеши өтүп, жеңүүчү 350 миң сом алды. Сүрөт

Иш-чара Бишкек шаарынын күнүнө арналган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында көк бөрү жана улуттук ат оюндары боюнча мелдештин финалы болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара Бишкектин түптөлгөн күнүнө арналган. Жеңүүчүлөрдү шаар жетекчиси Азиз Суракматов сыйлады.

Жеңишке Свердлов районунун "Келечек" командасы жетип, 350 миң сом утушка ээ болду. Экинчи орунга Ленин районунун "Четинди" командасы илинди. Аларга 200 миң сом сыйлык ыйгарылды. Үчүнчү орун үчүн 100 миң сом коюлган. Ага Чүй облусунун "Ак жол" командасы ээ болду. Төртүнчү орунду алган сокулуктук улакчыларга ("Төш-Булак" командасы) 50 миң сом ыйгарылды.