БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкектеги Абдрахманов көчөсүнүн Кулатовдон Бөкөнбаевге чейинки бөлүгүндө унаа тыгыны жаралганын мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 29-апрелден тарта, көпүрөнүн алды оңдоло баштады, андагы иштер 62 күнгө созулат (26-июнь).
Мэриядан белгилешкендей, көпүрөнүн алды сары таш менен кооздолот.