12-кабаттан кулап аман калган өспүрүм кыздын видеосу. Индиядагы окуя

Кыз 18 жеринен түрдүү жаракат алып жергиликтүү ооруканага жеткирилген.
Sputnik

12-кабаттан кулаган өспүрүм кыз тирүү калды. Бул тууралуу CCTV телеканалынын YouTube каналына жарыяланды.

Ага ылайык, окуя Индияда болгон. 13 жаштагы кыз жерге урунарга аз калганда атайын тартылып турган жумшак тосмонун үстүнө түшүп, андан кийин жерге кулаган.

Өспүрүмдүн 18 жеринен түрдүү жаракат алып жергиликтүү ооруканага жеткирилгени айтылат.