Эмдетүүдөн баш тартуу кандай коркунучка кептейт

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматы боюнча, 2019-жылы кызамык менен ооругандардын саны ааламда үч эсе өскөн.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Жылдын башында ДСУ эмдөөдөн баш тартуунун бир нече кооптуу жагдайларын тизмектеген.

Эң оболу вакцинация албай коюу кызамыктын жайылышын шарттап жатканы айтылат. Аталган ооруга балдар көбүрөөк кабылат. Кызамык менен ооруп калуу да оңой. Илдет өтүшүп кетсе пневмония, энцефалит, нерв системасынын жана мээнин жабыркашына алып келери белгиленет.

BBC эмдөөдөн баш тартуу кандай коркунучка алып келери тууралуу видеорепортаж жасап, YouTube каналына жүктөгөн.