Бишкекте сүзүшкөн унаалардын бири тротуарга чыгып кетти. Күбөнүн сүрөтү

Жол кырсыгы жекшемби күнү саат 11.00дөрдө Айтматов проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки жеңил автоунаа кагышып, бири трассадан тротуарга чыгып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окурман билдирип, кырсыктан кийинки сүрөттү редакциянын Telegram-каналына жөнөткөн. 

Бишкекте сүзүшкөн унаалардын бири тротуарга чыгып кетти. Күбөнүн сүрөтү

Окуя 28-апрель күнү, болжол менен саат 11.00дөрдө Айтматов проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Кырсыкка Toyota Camry менен Mercedes-Benz кабылган. 

Бишкекте сүзүшкөн унаалардын бири тротуарга чыгып кетти. Күбөнүн сүрөтү

Ал эми Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү азырынча окуя тууралуу билдирүү түшө электигин айтты.