БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы негизги делген транзиттик автожолдор 2022-жылга чейин оңдолуп бүтөрүн билдирди. Ал мындай пикирин "Бир алкак — бир жол" эл аралык форумунда сүйлөп жатып айтканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчы Кыргызстандын жайгашкан орду да өзгөчө экенин жана эки чоң экономиканын ортосундагы көпүрө болорун белгиледи.
"Биз бир жагынан Кытайга коңшубуз, экинчи жагынан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөсүбүз. Биз ушул эки чоң экономиканын ортосунда көпүрө болууга даярбыз", — деди Жээнбеков.
Ал өз сөзүндө форумдун катышуучулары транспорттук инфраструктура бардык мамлекеттер үчүн маанилүү экенин танбай турганын белгиледи.
"Кыргызстандагы транзиттик жолдор 2022-жылга чейин оңдолуп бүтөт", — деди президент.
"Бир алкак — бир жол" Кытайдын аймактык экономикалык кызматташуу боюнча долбоору. Анын алкагында Кытайдан Европага чейин транспорт инфраструктурасын куруу да каралган.