№1 убактылуу кармоо жайы шаар сыртына көчөт. ЖАМКтын быйыл жасалчу иштери

Быйыл ишке аша турчу иштердин катарында Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайын Ново-Покровка айылына чыгаруу каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Мелис Турганбаев мекеменин коомдук байкоочу кеңешине жолугуп, эл аралык уюмдар менен өнөктөш катары кандай иштер жасаларын айтып берди. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга ЖАМКтын өнөктөштөрү — Европалык коопсуздук жана кызматташуу уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун, БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлдөрү да катышкан.

Абактардагы жумуш орундары. Турганбаев түрмөлөрдү кыдырды
Турганбаев өнөктөштөр менен 2019-жылдын ичинде жасалуучу иштерди атады. Алардын катарында:

ЖАМКтын абак жайларында өндүрүштү калыбына келтирүү;

Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү колониясынын базасында адистештирилген оорукананы түзүү жана заманбап медициналык комплекс куруу;

ЖАМКтын атайын даярдыктагы "Омега" отряды үчүн окуу-машыгуу борборунун эки кабаттуу имаратын салуу;

№1 убактылуу кармоо жайын Бишкек шаарынан Ново-Покровка айылына чыгаруу.

Эскерте кетсек, Мелис Турганбаев ушул жылдын февралында ЖАМК жетекчиси болуп дайындалган.