Шри-Ланкада кайрадан үч жардыруу болду. Курмандыктар бар экени айтылууда

Жарылуу болгон жерден 15 кишинин сөөгү табылган, алардын алтоо балдар.
Sputnik

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Шри-Ланканын чыгыш тарабындагы Калмунай шаарында кечээ, 26-апрелде, жаңы үч жардыруу болгонун News1st басылмасы жазды.

Ada Derana порталынын жазып чыкканы караганда, жарылуу болгон жерден 15 кишинин сөөгү табылган, алардын алтоо балдар.

Шри-Ланкадагы чиркөөдөгү жарылуу видеого тартылып калган
Жекшемби күнү, 21-апрелде, Шри-Ланкадагы биринчи алты жардыруу Коломбо, Негомбо жана Баттикалоада болду. Жетинчиси аралдын батышындагы Дехивале шаарында, сегизинчиси Коломбонун чет жакасында катталды. Дагы бир бомба эл аралык Бандаранаике аэропортуна кеткен жолдон табылган.

Окуядан 260 киши каза тапса, алардын 45и балдар экендиги айтылган. Мындан башка 520 адам жаракат алган болчу.

Бул жардырууларды "Ислам мамлекети" террордук уюму жасаганын моюнга алган.

Кийинки маалыматтарда Шри-Ланкада жардырууну уюштурган жанкечтилердин дээрлик бардыгынын билими жогору болгонун, бардар турмуш кечиргени кабарланган.