БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл өткөрүү жайлары 5 күнгө жабылат. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Кытай менен чектешкен аймакта жайгашкан көзөмөл өткөрүү боюнча эки пункт аталган мамлекеттин демилгеси менен жабылмакчы. Анын себеби "Май жана эмгек майрамы" болду.
Ал эми транспорт каттамдары 6-майдан баштап жаңыртылмакчы.