Радио

Отунбаева: Төлөмүш Океевдин кинофильмдери анын жашыруун куралы болчу

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева Кыргызстан менен Түркия мамлекетинин ортосундагы мамиленин калыптанып, чыңалышына кыргыздын корифей режиссеру Төлөмүш Океевдин салымы зор экендигин айтты.
Sputnik
Отунбаева: Төлөмүш Океевдин кинофильмдери анын жашыруун куралы болчу

Төлөмүш Океев Түркияда элчилик кызматты аркалап жүргөндө ал үчүн Түркияда бардык эшиктер ачык болчу. Боордош түрк эли кыргыз режиссерунун чыгармачылыгын жогору баалагандыгы үчүн эки өлкөнүн алакаларын чыңдоого бардык шарттар түзүлгөн. Дипломатиялык ишмердүүлүгүндө анын тарткан кинофильмдери жашыруун куралы эле. Бул тууралуу Роза Отунбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Океев өзүнүн мүнөзү жана аброю менен адамды даража, деңгээлине карабай өзүнө тартып турчу.

"Советтер Союзу жоюлгандан кийин Океев Тышкы иштер министрлигинде иштеп калды. Ошол учурда жаңыдан гана Түркия менен алака түзүлө баштаган. Океев дароо ошол жакка элчи болуп жөнөтүлдү. Кыска убакыттын аралыгында Түркия менен Кыргызстандын мамилесин чыңдап, туура нукка сала алды. Мен бул киши менен үч жылдай иштешип калдым. Жолугуп калганда өзүнүн дипломатиялык ишмердүүлүгүндөгү тажрыйбасы менен бөлүшүп калар эле. Океевдин дипломатиялык талантына жогору баа берем. Ал өзүнүн мүнөзү жана чыгармачылыктагы ийгиликтери менен ар дайым элдин назарын өзүнө бура алды.  Тарткан кинофильмдери жашыруун куралы болчу десем жаңылышпайм", — деди Отунбаева.

Ошондой эле ал Төлөмүш Океев сөзгө чечен болгондугун да кошумчалады.