Sputnik Кыргызстан Эркин Эгембердиев менен кезигип, кыргыз актёрлорунун жана жергиликтүү кинонун азыркы абалы, жараткан ролдору жана жеке жашоосу тууралуу баарлашты.
— Эркин мырза, сизди ар тараптуу тасмаларда роль жараткан актёр катары тааныйбыз. Олуттуу чыгармаларда, массалык көрүүчүлөргө арналган кинолордо жана театрда ойноо бири-биринен айырмаланабы?
— Албетте. Үчөө үч башка нерсени талап кылат. Бирөөндө чыгармачыл эргүү керек болсо, экинчисинде турмуштук эргүү керек. Ал эми театр менен кинонун айырмасы асман менен жердей. Кинодо бир жолу ойногонуң ошол бойдон кала берет. Театрда ролуңду ар дайым өзгөртүү мүмкүнчүлүгү болгондуктан, көптө барып купулуңа толгон нерсе чыгат. Кинодо андай эмес. Кийин өзүңдү экрандан көргөндө өкүнүп калган убактар да кездешет. "Бул жерин мындай же тигиндей кылып койсом болмок экен. Каап, төрт эмес, он кило салмак таштасам жакшы көрүнмөк экем" деп каласың. Эми менин колумдан чыгармачылыктан башка эч нерсе келбейт. Шыбак шыбап же соода кыла албайм. Андыктан өмүрүмдү бул тармакка арнагандан кийин ар бир ролумду татыктуу аткарганга аракет кылам.
— Ролду кантип тандайсыз? Эмнеге көңүл бурасыз?
— Сиз жан берген каармандар көп учурда бири-биринен абдан айырмаланат. Ролду аткаруу үчүн кантип даярданасыз?
— Көп тасмага тартылдым. Киного тартылаар алдында ага чейинки ролдорумду бир сыйра көрүп чыгам. Анан аларга окшошпой тургандай кылып ойноо боюнча өзүмдүн ыкмаларым бар. Ошол эле кезде ар дайым сырткы келбетимди да өзгөрткөнгө аракет кылам. Чачымды дайыма өзгөртө бергендиктен, түшө да баштады. Көп изденем. Бир грузин профессорунун: "Актёр заводдой болушу керек, заводдон ар кандай нерселер чыгат",- деген сөзү бар. Мен да ар бир эмгегимдин үстүндө көп убакыт иштеп, анан чыгарам.
— Сценарий жазып, театрда спектакль да коюп каласыз. Кино тартуу пландарыңыз барбы?
— Ооба. Кино тарткандан эч коркпойм. Бирок бир гана жыйынтыктан чочулайм. Ушул нерсе мени аябай түйшөлтөт. Азыр техникалык жактан мүмкүнчүлүктөр кеңири болгондуктан, фильм тартуу оңой болуп калды. Ошентсе да айтайын деген жакшы оюңдун болуусу абдан маанилүү. Мен дайыма идеялар менен жүргөн адаммын. Жада калса досторум да мени "идеянын заводу" деп атап коюшкан. Бирок бул деле бир күнү токтой турган нерсе. Ошого чейин колдонуп калышым керек. Кудай буюрса, жакын арада толук түрдө кино тартам деген ойдомун.
— Азыркы учурда өлкөбүздө актёрлордун абалы кандай?
— Сыр болбосо актёрлордун гонорары канча?
— Ар актёр ар кандай гонорар алат. Кээ бири так баасын коюп коет. Алардын арасында мен да бармын. Бирок ал баага макул болгондор чанда. Бизге келип "дүңүнөн сүйлөшпөйлүбү" дегендер да кездешет. Тартыла турган тасма чынында эле татыктуу болсо, көңүлгө жакса, алардын айтканына макул дейбиз.
— Азыр Кыргызстанда тартылып жаткан кинолорду жеңил-желпи деп сындагандар көп кездешет. Бул тууралуу пикириңиз кандай?
— Ар кандай багыттагы тасмалардын тартылып жатканы - бул өтө туура нерсе. Кино тармагы өнүккөн батыш өлкөлөрүндө деле дал биздегидей жолду басып өткөн. Жеңилби, оорбу, тасмалар тартыла берсин. Себеби жылдан-жылга сандан сапатка өтүп жатабыз. Жергиликтүү киного барган көрүүчүлөрдүн саны көбөйүүдө. Олуттуу кино тарткан режиссёрлор, айрыкча улуу муундун өкүлдөрү чынында эле кыйын инсандар. Көп нерсени көрө билген, көз карашы, айтайын деген баалуу ою бар адамдар. Бирок кандайдыр бир себептерден улам көрүүчүлөрдү ээрчите алышпайт. Тескерисинче, жеңил деп айтылган киного эл көп келет. Менин оюмча, жөнөкөй чыгармалар аркылуу элди жергиликтүү киного көндүрө берүү зарыл. Кийинчерээк алардын сапатында жакшы бир секирик болот. Бул дароо эмес, акырындык менен ишке аша турган нерсе. Мисалы, мен режиссёр катары өтө баалаган Бакыт Осмонканов дал ушул нерсенин үстүндө иштеп жатат. Ал элдин купулуна толгон, ошол эле учурда артында жакшы идеяларды сунуштаган кинолорду тартат. Тасма канчалык көп болсо, тандоо мүмкүнчүлүгү да көбөйөт. Мисалы, "Дордой" базарына барсаң, кире калып эле кийим алып кетип калбайсың да. Ар бир адамдын өз табити бар. Биз ошолордун арасынан көпчүлүктү түзгөн табитти таба билишибиз керек. Базар экономикасынын, демократиянын эрежеси ушундай.
— Мугалим болуп иштээриңизди айтып калдыңыз. Актёр болом деген инсан үчүн талант маанилүүбү же бул кесипти үйрөнүп кетсе болобу?
— Жеке жашооңузга бир аз токтоло кетсек. Балалыгыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
— Көп жерде чоңойдум. "Талаштагы талантмын" десем туура болот. Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң деген айылдын жанындагы Таш-Сарай аттуу алтымыш түтүндүү аябай кооз жерде төрөлгөм. Беш эркек бир туугандын улуусумун. Окуучулук кезимде Балыкчы шаарындагы мектепте билим алдым. Үй-бүлөлүк себептерден улам Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк айылдарында да балалыгымдын бир бөлүгү өттү. Ошол жердин ар бири мени "биздин бала" дешет. Негизинен сагына турган сонун кездер да, эстеп көзгө жаш алган убактар да бар. Биздин ойной турган убагыбыз өлкө жаңы гана эгемендикке жетишкен кыйын кезеңге туш келди. Балалыкты жумуш менен өткөрдүк. Бирок ошол оор замандын, турмуштун бизге берген тарбиясы кийинки жашоом үчүн абдан пайдалуу болду.
— Өзүңүздүн үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?
— Жубайым Диана Кочкордун кызы. Экөөбүз 2012-жылы баш кошконбуз. Эки кызыбыз бар, беш жана эки жашта. Улуусу менин жолумду жолдойт окшойт деп ойлойм. Мени менен чогуу жүрүп калат. Кинонун, театрдын "ашканасын" жакшы билет.