Радио

Лесбеков: максатыбыз — чабандестер менен күлүктөрдү эл аралык аренага чыгаруу

КРдин Ат спорту боюнча федерациясынын менеджери Самат Лесбеков мелдеш 1-майда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ипподромдо болорун айтты.
Sputnik
Лесбеков: максатыбыз — чабандестер менен күлүктөрдү эл аралык аренага чыгаруу

Аталган саамалыкта аттар 80 жана 120 чакырым аралыкты басып өтөт. Бул тууралуу Самат Лесбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, байге фондусу 1 миллион сомду түзөт.

"1-майда Чолпон-Ата жергесинде ат чабыш боюнча эл аралык турнир өтөт. Байге фондусунда 1 миллион сом бар. Учурда каттоо иштери жүрүп жатат. Тилекке каршы, мелдешке катышуучулардын саны аз болууда. Кыргызстандан 10дон ашык, Казакcтандан 5-6 адам катталды. Эл аралык эрежелер менен өтүп жаткандыктан, күлүктөрдүн паспорту болууга тийиш. Чабандестердин көбү эл аралык эрежелерди билбегендиктен, мындай жарышка даяр эместиги байкалууда. Бул мелдешти өткөрүүнүн башкы максаты — Кыргызстандын чабандестерин жана аттарын эл аралык аренага чыгууга мүмкүнчүлүк берүү", — деди Лесбеков.

Ал жарышка катышууну каалагандарды каттоо 29-апрелге чейин уланарын кошумчалады.