People журналы жылдын эң сулуу аялын атады. Сүрөт

Гарнерге атак-даңкты "Шпионка" сериалына борбордук чалгындоо башкармалыгынын агенти болуп аткарган ролу алып келген. Бул образы үчүн актриса "Алтын глобус" сыйлыгына татыган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Америкалык актриса, продюсер жана коомдук ишмер Женнифер Гарнер People журналынын версиясы боюнча "Жылдын эң сулуу аялы" деп тандалды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, анын сүрөтү журналдын атайын чыгарылышынын башкы бетине жайгаштырылган.

"Канчалык күзгүгө аз каранып, дүйнөгө эмне бере аларымды көп ойлонсом, мен өзүмдү ушунчалык бактылуу сезем", — деп айткан актриса журналга берген маегинде.

Ошондой эле ал жеңишин дароо эле түшүнбөгөнүн да кошумчалаган.

Өлкөнүн эң сулуу келини: экинчи турмушуман аялдык бактым ачылды
Гарнерге атак-даңкты "Шпионка" сериалына борбордук чалгындоо башкармалыгынын агенти болуп аткарган ролу алып келген. Бул образы үчүн актриса "Алтын глобус" сыйлыгына татыган.

Мындан сырткары, ал "Королевство", "Жуно", "Странная жизнь Тимоти Грина", "Далласский клуб покупателей" жана "С любовью, Саймон" аттуу фильмдери менен да көпчүлүккө белгилүү.

Женнифер Гарнердин эки кыз, бир уулу бар. Актриса кайрымдуулук менен алектенет. Анын ичинде балдарга жардам берген Save the Children кыймылына да катышып келет.

Аталган журнал былтыркы жылдын эң сулуу аялы деп ырчы Пинкти атаган.