Базар-Коргондо жоголгон 5 жашар бөбөктүн сөөгү суудан табылды

Жоголгон бала изделип жатканына бир апта болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Базар-Коргондо бир жума мурун жоголгон беш жаштагы бөбөктүн сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 19-апрелде Акман айылында беш жашар И.Э. аттуу бала дайынсыз жоголгон. Аны издөө иштерине 130дан ашык куткаруучу тартылган.

"Жума күнү издөө иштери уланып, куткаруучулар саат 10.30да бөбөктүн сөөгүн Кайырма көлү менен каналдын кошулган жеринен табышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Сөөк туугандарына өткөрүп берилди.