Кафеде УКМКнын кызматкерлери аралашкан мушташ болду беле? Милициянын жообу

Милициянын айтымында, мурда даттанган адам кайра доосу жок экенин айтып арыз жазды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Октябрь РИИБинин Криминалдык милиция кызматы ээнбаштыкка шектелгендерди кармады. Бул тууралуу Бишкек милициясынан билдиришти.

Буга чейин 26-апрель күнү "Бахчай" кафесинде мушташ чыгып, анда УКМК кызматкерлеринин аралаштыгы болушу мүмкүн экени айтылган. Маалымат берген тарап кафеде УКМКнын бир нече кызматкери кармалганын жана "кафенин күзөтчүсүн сабап, бычак урушканын, андан соң ИИМдин Октябрь райондук бөлүмүнүн милиционерлери менен кармаша кетишкенин" билдирген. Бул маалыматты УКМК танган да, тастыктаган да жок. Аталган комитеттин маалымат катчысы Рахат Сулайманов "кызматтык ички иликтөө жүрүп жаткандыгын" айтты.

"Саат 00.05те "102" кызматына Б. Э. аттуу жаран чалып, кафеде ээнбаштык болгонун кабарлаган. Ошол замат жерине кызматкерлер барган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстанда жол эрежесин бузгандардын айып пулу алынбай жатабы? ИИМдин жообу
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРдин Жазыктар кодексинин 226-беренеси (Ээнбаштык) менен кылмыш иши козголду.

Теширтирүү учурунда жабырлануучу экинчи тарапка дооматы жок экенин билдирип, тосмо азыр жазган.

Ал эми шаардык милициядан мушташка катышкандардын арасында УКМК кызматкерлери бар же жогун так айтышкан жок.