Смартфонду кишидей колдонгон маймыл элди таң калтырды. Видео

Шимпанзе телефонду колго алары менен аны кантип колдонуу керектигин түшүнгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Экзотикалык айбанаттар боюнча адис Майк Холстон Instagram тиркемесин адамдардай эле колдонуп жаткан шимпанзенин видеосун чыгарды.

Холстон шимпанзени отургузуп, колуна iPhone телефонун берген.

Шимпанзе телефонду колго алары менен аны кантип колдонуу керектигин түшүнүп, экранды басып сүрөт, видеолорду көрө баштаган.