БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков экинчи жолу өтүп жаткан "Бир алкак — бир жол" форумуна катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Өлкө башчы учурда жумушчу сапары менен Кытай Республикасынын Пекин шаарында жүрөт.
Форумдун ачылыш аземинде Кытай лидери Си Цзиньпинь, Россия президенти Владимир Путин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш жана башка делегация жетекчилери сөз сүйлөдү.
Жээнбеков эртең, 27-апрелде, форумдун биринчи сессиясында сүйлөйт.
Форумга жалпысынан 187 мамлекеттин делегаттары келген. Анын 37син президенттер менен өкмөт башчылар жетектеп барган.