Кара-Балтада 19 жаштагы кыз жоголду. Сүрөт

Анын дээрлик эки айдан бери дайыны жок.
Sputnik

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кара-Балта шаарында 19 жаштагы О.Кошоева аттуу кыз 7-мартта үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Кара-Балтада 19 жаштагы кыз жоголду. Сүрөт

Өзгөчө белгилери: бою 163-165 сантиметр. Үстүнө кызыл күрмө, күлгүн түстөгү кофта, кызыл шым жана бутуна жашыл кроссовка кийген.

Милиция кыздын жүргөн жерин билгендер же көргөндөр болсо Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 22-15-58 телефондору аркылуу же 0 (701) 00-57-15, 0(557) 09-20-00 телефон номерлерине чалып коюуну өтүнөт.

Кыз буга чейин да үйдөн кетип калып жүргөн.